Ала-Бука автожолуна түшкөн кар көчкү тазаланды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
2022-жылдын 10-март күнү болжол менен 12:50 чамасында Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка автоунаа жолунун 72-75-чакырым аралыктарында Чоң-Сай тилкесинде 4 жерден болжол менен 395 200м3 кар көчкү түшүп, жолду тосуп калган.
Жерине Чаткал райондук ӨКБнүн ыкчам тобу, гидрометеорология кызматы, №27 ЖТИнын кызматкерлери жеринде тазалоо иштерин жүргүзүштү. Натыйжада жол 10-март күнү 23:00 бир тараптуу ачылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн