Аламүдүн капчыгайында тоого чыгып, жоголгон жаран табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-ферваль күнү Аламүдүн районуна караштуу Аламүдүн капчыгыйында 31 жаштагы А.У. эркек киши тоого чыгып дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат 112 кызматынан келип түшкөн.
Издөө иштерин жүргүзү үчүн жерине КР ӨКМнин №1 ӨКБ 4 куткаруучу тартылып, куткаруучулар аталган жаранды эки саат аралыгында издеп, аман-эсен табышкан.
Учурда жарандын абалы жакшы.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн