Бүгүн 11-ноябрда Аламүдүн районунун Энергетик шаарчасында гараж күйүп, бир адам каза болду.
ӨКМнын басма сөз кызматы билдиргендей, өрттү өчүрүүгө саат 06:48де Бишкек шаардык N7 ӨККБдан 1 бөлүм тартылып, саат 07:34дө чектөөгө алынган. Толугу менен өрт саат 08:06да өчүрүлгөн.
Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 1970-жылы туулган Н.В. аттуу эркек киши каза болгон.
Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн