Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Аламүдүн суусунан изделип жаткан 1 жашар наристенин сөөгү табылды

Аламүдүн суусунан изделип жаткан 1 жашар наристенин сөөгү табылды


Бүгүн, 27-июлда Аламүдүн суусунан изделип жаткан наристенин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сууга түшүп кеткен наристе бир аптадан ашык убакыттан бери изделип жаткан. Бүгүн издөө ишине ӨКМдин Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылган.

Наристенин сөөгү болжол менен окуя болгон жерден 20 чакырым алыстыктагы "Таштар-Ата" дачасынын аймагынан агып өткөн Аламүдүн суусунан жергиликтүү тургун тарабынан табылып, кабарланган. Куткаруучулар наристенин сөөгүн суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Эске салсак, 18-июль күнү Аламүдүн суусуна 2022-жылы туулган К. кызы С. аттуу наристе түшүп кеткен.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн