Чүй облусунун аймагында катталган катуу шамал 17 үй жана 2 сарайдын чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунда кечээ, 8-августта саат 16:45 чамасында болгон катуу шамалдын кесепетинен Мраморный айылында жайгашкан үйлөрдүн жана сарайдын чатырын учуруп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Айылда бак-дарактар кулап жана электр мамычалары жабыркап ошол учурда электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Мындан улам табигый кырсык катталган дарекке 6 куткаруучу, айыл өкмөттүн 4 кызматкери жана РЭТтен 3 бригада тартылган.
Учурда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, РЭС кызматы иш алып барууда. ӨКМнын кызматкерлеринин тактоосунун натыйжасында 17 үйдүн жана 2 сарайдын чатырын учуруп, жараксыз абалга келген. Ошондой эле бактар кулап электр зымдары үзүлгөн, электр мамычалары кулаган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн