Аламүдүндө 3500 түк күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.
Аламүдүн району, Виноградный айылы, Спортивный көчөсүндө чөп жыйноочу жай күйүп жатат деген маалыматтын негизинде №1 ӨКБнөн бир бөлүм саат 03:33дө чыгып, 04:06да жерине жетишти. Өрт саат 07:09да чектөөгө алынып, 09:24тө толук өчүрүлдү.
Өрттүн кесепетинен 3500 түк чөп күйдү.
Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн