Аламүдүндө дөңсөөдөн топурак урап, бир кишини басып калган. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирет.
Бүгүн саат 08:30дар чамасында Аламүдүн районунун Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолу менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилишиндеги дөңсөөдөн топурак урап түшүп, 1 эркек кишини басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 5 куткаруучу тартылып, саат 10:05те эркек адамдын жансыз денесин чыгарган соң, укук коргоо кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Учурда каза болгон жарандын өздүгүн тактоо жана окуяны иликтөө иши жүрүүдө
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн