Аламүдүндө "Мазда Демио" толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Аламүдүн району Кара-Жыгач айылы Салиева көчөсүндө 1988-ж.т Т.Ч.А.га таандык "Мазда Демио" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа толугу менен күйүп кеткен.
Жерине Бишкек шаардык №7 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылды. Саат 05:20да өрт чектөөгө алынып, 05:25те толук өчүрүлдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн