Бүгүн, 5-апрелде Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Алма-Ата көчөсү менен айланма унаа жолунун кесилишинде унаа оңдоочу жайдан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда,тилсиз жоону өчүрүүгө саат 12:19да Свердлов райондук №2 ӨКБдан жана Аламүдүн райондук №1 ӨКБдан 1, жалпысынан 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Унааларды оңдоочу жайдан чыккан өрт саат 13:26да толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн