Аламүдүн районундагы Гагарин көчөсүндө жыгач устундуу шифер жана темир менен жабылган жалпы аянты 200 чарчы метр болгон турак үйдүн, тигүүчү цехтин, гараждын чатырлары, 3000 даана сатыка даяр тумактар жана 10 түрмөк кездемелер күйгөн. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт бөлүм тартылып, саат 00:03тө чектөө алынып, 01:38де толук өчүрүлгөн.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн