Бүгүн, 14-февралда Ош облусунун Алай районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 23:41де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Алай районунун Нура айылында 3 балл, Иркештам, Икизяк айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн