Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:05
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алайда Lexus-570 жана Toyota Corolla кагылышып, 2 адам каза болду

Алайда Lexus-570 жана Toyota Corolla кагылышып, 2 адам каза болду

Ош облусунун Алай районунда жол кырсыгы катталды.


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 70-чакырымында Lexus-570 жана Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.


Кырсыктын кесепетинен бир аял жана бир эркек киши каза болуп, үч жүргүнчү жабыркаган.


"Жерине 4 куткаруучу тартылган, бирок алар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарышкан. Жабыркаган жарандарды тез жардам кызматы Алай райондук ооруканасына жеткирген", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн