Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:51
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Алайда дайынсыз болуп жаткан 71 жаштагы аялдын жансыз денеси суудан табылды

Алайда дайынсыз болуп жаткан 71 жаштагы аялдын жансыз денеси суудан табылды

12-январдан бери дайынсыз болуп жаткан 71 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


12-январь күнү Гүлчө айылынын тургуну 71 жаштагы (Ү.Б.)аттуу аял киши үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

 

Жергиликтүү тургундар өз алдынча издөө иштерин жүргүзүшүп, аталган жарандын кийимдерин Гүлчө суусунун жээгинен табышкан. Бүгүн ИИМдин кызматкерлеринин издөө ишине көмөк көрсөтүү үчүн, жерине саат 10:00дө Алай райондук №68 ӨККБдан 5 куткаруучу тартылды.

 

Бүгүн жерине издөө-иштерин улантуу максатында Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 15 кызматкер жана туугандарынан 3 адам тартылып, саат 11:10до жансыз денеси суудан табылып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берген.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн