15-июль түндө Алай районунда сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Такталган маалымат боюнча, саат 20:00 чамасында каттуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 70-чакырымын каптап, унаа жол жабылып жана Кара-Булак айылында жайгашкан 3 турак үйдүн короосуна кирген.
Жерине тазалоо иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин 5 куткаруучу, №959 ЖТИден 1 грейдер, 1 жүктөгүч тартылып, саат 22:50дө бир тараптуу ачылган.
Тазалоо иш-чаралары уланууда.
Кошумча маалымат берилет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн