Алайда унаа дарыяга кулап, эки адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Алай районунун Ош-Сары-Таш-Эркештам унаа жолунун 93-чакырымында (Кызыл-Коргон айылы) “Тойота Ист” унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай оодарылып, Гүлчө суусуна түшүп кеткен.
Жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, кырсыктын кесепетинен 1 эркек (1970-ж.т. А.К.), 1 аял киши (1971-ж.т. Т.О.) каза болгон.
Куткаруучулар унааны жана каза болгон адамдарды суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн