Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:46
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

“Алайдын” оюнчулары айлык акыларын алды

22.06.2020 15:56
1040
“Алайдын” оюнчулары айлык акыларын алды


Ош шаарынын “Алай” командасынын оюнчулары айлыктарын алды. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине команданын капитаны жана Улуттук курама команданын оюнчусу Одил Абдурахманов маек берип жатып билдирди.


Анын айтымында, учурда команда толук кандуу машыгууларга киришкен.


“Эки айлык эмгек акыларыбызды алдык. Учурда жетекчилик маселеси боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын келүүсүн күтүүдөбүз. Бүгүн шаардын мэри Таалайбек Сарыбашев өзү келет деп айткан, учурда аны күтүп жатабыз”, - деди Абдурахманов.


Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэрия тарабынан каржыланган “Алай” командасынын оюнчулары 3 айдан бери айлыктарын ала албай клубдун жетекчилигин кызматтан алууну талап кылып чыккан. Шаардын мэриясынан “Алай” клубунун ичиндеги нааразычылыкты аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн, спортчулардын айлыктары берилерин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн