Бугу 15, 2024
Убакыт: 20:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

“Алайдын” оюнчуларына эмгек акылары эмнеге бериле элек экени айтылды

18.06.2020 16:08
1040
“Алайдын” оюнчуларына эмгек акылары эмнеге бериле элек экени айтылды

 

Ош шаарынын “Алай” клубунун оюнчуларына эмгек акылары мэриядан акча которуула электиги үчүн бериле элек. Бул тууралуу команданын директору Алмазбек Сулайманов билдирди.


Анын айтымында, мэрия атайын коммисия түзүп жиберебиз деген, бирок текшерүүчүлөр келе элек.


“Айлыктары үч айга эмес, эки айга берилген эмес. Март айын толугу менен берилген, апрель менен майда пандемиядан улам берилген жок. Мэрия бизге каражатты квартал менен бөлүп берет. Учурда бюджеттеги каражатка карап кичине күтүп тургула бюджетке акча түшсө берели дегенбиз. Оюнчулар биз акчаны алып бербей койгондон мамиле кылып, жетекчилик кетсин деп жатат. Ишенбесеңер мэрге баргыла десек, шаар башчысы менен жолугуп акча болгондо беребиз дешти. Атайын комиссия түзүп жиберебиз деген, бирок келе элек”, - деди Сулайманов.


Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэрия тарабынан каржыланган “Алай” командасынын оюнчулары 3 айдан бери айлыктарын ала албай клубдун жетекчилигин кызматтан алууну талап кылып чыккан. Шаардын мэриясынан “Алай” клубунун ичиндеги нааразычылыкты аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн, спортчулардын айлыктары берилерин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн