Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 22:26
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

“Алайдын” оюнчуларынын айлыктары бериле элек

18.06.2020 14:32
1131
“Алайдын” оюнчуларынын айлыктары бериле элек


Ош шаарынын “Алай” командасынын оюнчуларынын айлыктары бериле элек, футболчулар учурда жекече машыгууда. Бул тууралуу “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине “Алай” командасынын капитаны жана Улуттук курама команданын оюнчусу Одил Абдурахманов билдирди.


“Учурда буга чейинки айлыктарыбызды ала элекпиз. Качан берилери белгисиз, атайын коммисия түзүлөт деп айткан, бирок алар келе элек. Команда менен машыгуулар баштала элек, балдар жекече даярдык көрүүдө”, - деди Одил Абдурахманов.


Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэрия тарабынан каржыланган “Алай” командасынын оюнчулары 3 айдан бери айлыктарын ала албай клубдун жетекчилигин кызматтан алууну талап кылып чыккан. Шаардын мэриясынан “Алай” клубунун ичиндеги нааразычылыкты аныктоо үчүн атайын комиссия түзүлгөнүн, спортчулардын айлыктары берилерин айткан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн