Александровка айылында 200 саман түк күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
2-сентябрь күнү Москва району, Александровка айылы, Почтовая көчөсүндөгү үйдүн короосунда жыйылган 200 даана саман түк толугу менен күйүп кеткен.
Москва райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн бир бөлүм тартылып, өрт саат 21:55те чектөөгө алынды. Саат 23:35те толук өчүрүлдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. Жабыркагандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн