Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 07:44
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Али Токтакунов: 2019-жылы июнда мен эч кандай Стамбулда болгон эмесмин

18.06.2020 20:50
2676
Али Токтакунов: 2019-жылы июнда мен эч кандай Стамбулда болгон эмесмин

 

2019-жылы июнь айында мен эч кандай Стамбул шаарында болгон эмесмин деп билдирди “Азаттыктын” журналисти Али Токтакунов “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине берген комментарийинде “Саймаитиден 50 миң доллар акча алгандыгы тууралуу көрсөтмө бар” деген депутаттык комиссиянын билдирүүсүн төгүндөп жатып.


19-июнга чейин Кыргызстандын аймагында болгом. 19-июнда эрте менен Бишкектен учуп, түш оой Прагага жеткем. Андан кийин да июнь айында Чехиянын аймагынан сыртка чыккан эмесмин. Муну менин паспортумдагы чек ара кызматтарынын мөөрлөрү далилдейт”, - деп айтты Али Токтакунов.


Белгилей кетсек, бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Айэркен Саймаитинин инсандыгына байланыштуу жагдайларды иликтөө жана маалыматтарды текшерүү боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу угулду.


Анда комиссиянын төрагасы, депутат Талант Мамытов: “Бул иш боюнча УКМКга көрсөтмө берген Эркин Сопоков “Азаттыктын” иликтөөсүнөн кийин ишкер Хабибулла Абдыкадырдан Саймаити 300 миң доллар, андан кийин 200 миң доллар аласасын өндүрүп алганын, ошондуктан ыраазычылык билдирүү үчүн “Али Токтакуновго 100 миң АКШ долларын беришим керек” деп айтканын, ошол акчанын 50 миңин бергенин айтты”, - деп билдирген болчу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн