Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 09:33
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Али Токтакунов: Матраимовдун АКШнын "кара тизмесине" кириши - менин жеңишим

10.12.2020 15:19
6750
Али Токтакунов: Матраимовдун АКШнын "кара тизмесине" кириши - менин жеңишим


"Азаттык" үналгысынын мурдагы журналисти Али Токтакунов АКШ Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду "Магнитский акт" тизмесине киргизгендигине байланыштуу Facebook баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоду.


Өз кайрылуусунда Али Токтакунов кыргыз бийлигине АКШнын санкциясынан кийин Райымбек Матраимовдун мыйзамсыз мүлктөрүн, банктагы эсептерин мамлекетке кайтарууга зор мүмкүнчүлүк ачылганын айтты. Мындан сырткары бул жеңиш журналисттердин, кыргыз элинин жана маркум Эгизбаевдин жеңиши экенин кошумчалаган.


"Матраимов уурдаган миллиондорду кайтарууга жол ачылды. Бул кыргыз бийлиги үчүн чоң белек, шпаргалка. Эгер чын дилден коррупцияга каршы күрөшүп, элдин ырыскысын кайтарып келем десе", - деген билдирүү калтырган Токтакунов.


Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Касымбекова Анара
Азаматсыз Али! Рахмат. Сизге, Улан Эгизбаев жана башка Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабай, туура жол менен кетишине эбегейсиз чоң салым кошуп жаткан журналисттерге таазим! Бар болуңуздар!
Тегирменчи
Элдин уулу,эл баатыры! Аман бол!
Хализа
Эн туура эми гептин баары бийликте ! "Колдо бар алтындын баркы жок "дейт эмеспи кыргызда, фактылап таап жазып берсе да конул бурбай жатышты эле ,кудай бар буюрса баарынарга айрыкча Алиге ишине ийгилик бекем ден соолук каалайм????????????????????
Мамытов Узакбек Мукашевич .
Азаматсыз Али Токтахунов сиз кылган эмгек чоң эрдик , баатырлык эч коркпой , тайманбай ,Садыр аваңыздайдай аягына чейин ачтыңыз , коррупциянын бетин , ошол үчүн Садыр менен Камчы төлөтүп жатат , эми сиздин жардамыңыз менен ачылган жаңы шарт Магнитский акты менен , ОАЭ жана башка мамлекеттерди текшергени уруксат биздин жаңы бийликтеги патриот мекенчилдерге сизге болсо көп улутту Кыргыз элинин чоң батасы кийин сыйлык ыйгарылат деп мен 100/процент ишенем Азаматсыз Али . Ыразылыгын билдирип Узакбек аваң .
Анара
Садыр менен Алинин эч кандай окшоштугу жок. Мен ойлойм Али сыйлык үчүн иштеп жаткан жок деп. Андан сырткары, бийликте Алидей адамдар көп болсо кыргыздардын жашоосу өзгөрмөк жакшы жакка, тилекке каршы бийлик узурпаторлордун колунда турат убактылуу...
Маиза
Коррупция кучундо турган убакта Улан тайманбай баштаган болчу, ушул акмактарга жем болду! Силер какшыктаган киши али бийликке келе элек, жаманатты кылбай жон суйлогуло! Бийликке келсе озу билет кимди эмне кылат!