Бугу 07, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Алымкадыр Бейшеналиев автоунаалары боюнча тарап жаткан билдирүүлөргө түшүндүрмө берди

08.04.2024 10:35
144
Алымкадыр Бейшеналиев автоунаалары боюнча тарап жаткан билдирүүлөргө түшүндүрмө берди


Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев автоунаалары боюнча социалдык тармакка тарап жаткан билдирүүлөргө түшүндүрмө бергенин министрликтин маалымат кызматы кабарлады.


Буга чейин социалдык тармактын айрым колдоонучулары Бейшеналиевге катталган автоунаалар деп кымбат баалуу көлүктөрдүн сүрөттөрүн жарыялашкан. Министр мындай маалыматтарды Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу таратып жатканын айтып, ал чындыкка дал келбей турганын белгилеген.


"Алымкадыр Бейшеналиевдин көп унаасы бар экен" деп талкуулап жатышат. Маалыматта Кульматова Гүлнара Ренатовна Бейшеналиевдин жубайы, ага көп машинелер катталган дептир. Ал менин аялым эмес. Маркум Ренат Кульматовду кайнатам дешиптир, бул дагы жалган. Менин аялым Кульматова Замира Марленовна. Анын 2002-жылы чыгарылган 01KG 537 AAY мамлекеттик номерлүү Lexus RX 300 үлгүсүндөгү унаасы бар. Кызым Салтанат Бейшеналиеванын унаасы — 2008-жылы чыгарылган 01 KG 906 ANL мамлекеттик номердеги Honda Аccord. Эл өкүлү жалган маалымат таратып башка эле адамды менин жубайым кылып салганы абдан осол иш. Анын калптарына ишенбеңиздер", — деген министр.


Ал жубайы эки жылдан бери рак илдети менен алышып, тогуз ай Түркияда дарыланганын, мындай маалыматтар ага терс таасирин тийгизип жатканын белгилеген.


"Жубайым учурда Россияда химия алып жатат. Интернетте тарап жаткан жалган маалыматтар оорулуу адамга абдан терс таасирин тийгизет экен. Такталбаган маалымат менен каралап жаткандарды ушак таратууда тактап коюуга чакырат элем", — деген Бейшеналиев.


Буга чейин Жусупбек Коргонбай уулу Алымкадыр Бейшеналиевдин Дубай, Түркияда үйлөрү бар экенин да айтып чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн