- Алишер мырза, азыр эле ар кандай маселелер каралбадыбы, сиз кандай көйгөйлөрдү көтөрдүңүз?
- “Ала-Тоо” айыл өкмөтүнүн Кенжекул айылында 1968-жылы курулган 50 орундук бала бакча бар. Эскилиги жетип, урап калуу коркунучунда турат. Ошондуктан, заманбап корпус салуу боюнча маселе көтөрдүм. Ошол эле айылдагы Юнусов орто мектеби электр менен жылытылат экен. Аны көмүргө өткөрүү зарылчылыгы бар, себеби, электр өчкөн маалда балдар үшүп калууда. Мөнөк айылында Каримжан Сурапбаев деген жеке ишкер спорт комплексин курууну баштап, курулуш жарымына жеткенде көзү өтүп кеткен. Ошондуктан, аны бюджеттин эсебинен бүтүрүү зарылдыгын айттым.
- Округга канча жолу барасыз?
- Шайлоочулар менен жылына жалпы үч-төрт жолу пландуу жолугам. Бирок, негизи мен эң узак болгондо 15 күндө, болбосо жума сайын барып турам. Бул нерсе мага адат болуп калган. Самолеттон түшүп, түз эле ата-энемдин алдына барам. Алардын алдында бир сааттай отуруп, батасын алып, анан ишке киришем. Барган сайын төрт-беш көйгөйлүү маселелерди сүйлөшөм. Аким, айыл өкмөтүнүн башчысы, айыл башчы менен жолугам. Өзүмдүн кабыл алчу бөлмөм бар, ал жерден эл үзүлбөйт.
- Сиз ар кандай маселелер учурунда көтөргөн көйгөйлөр канчалык деңгээлде чечилет?
- Башкаларды билбейм, мен өзүм токсон пайызын чечтим деп айта алам. Бул жерде маселе көтөрүп эле чектелбей, айткандан кийин артынан түшүш керек. Жөн эле пиар үчүн айтканда иш бүтпөйт. Айтып, протоколдук тапшырма берилгенден кийин аткаруу бийлиги, тийешелүү министрликтер менен бирге иш алып барсаң, көп көйгөйдү чечсе болот.
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн