Жетинин айы 21, 2024
Убакыт: 15:07
USD
86.50
86.85
EUR
91.30
92.30
RUB
0.855
0.885

Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Ош аэропортун көчүрүү – мезгилдин талабы”

19.11.2024 13:47
90
Алишер Козуев, ЖК депутаты: “Ош аэропортун көчүрүү – мезгилдин талабы”


- Алишер мырза, бир топ жылдан бери Ош аэропорту башка жакка көчөөрү, ал үчүн атайын жер аянты бөлүнгөнү тууралуу сөз болуп келаткан. Бирок, кечээ тармактык комитеттин жыйынында жарандык авиация мамагенттигинин директорунун орун басары аэропорт жакын арада көчпөй турганын билдирди. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?


- Ооба, аны көчүрүү боюнча бир топ жылдан бери аракеттер болуп келатат. Анткени, азыркы иштеп жаткан аэропорт ойдуң жерде жайгашкандыктан, туман көп түшөт. Анан калса, биздин самолеттор коноордо Өзбекстандын аймагы аркылуу өтөт. Ошондон улам Отуз-Адыр, Мады, Катта-Талдык сыяктуу үч айыл өкмөттөрүнөн 500 гектардай жер бөлүнгөн. Менин билишимче, трансформациясы да бүтүп, инвесторлорду күтүп жаткан. Бир-эки инвестор келип, сүйлөшүүлөр да жүргөн. Бирок, азыркы күндө кандай болуп атканы боюнча менде так маалымат жок. Мендеги маалымат боюнча, Кара-Суу районунан 60 гектардай жер сурап, жаңы аэропорт салынганга чейин азыркы аэропортту кеңейтүү боюнча пландар бар экен. 


- Комитеттин жыйынында аэропорттун техникалары жаңыланары айтылды. Бирок, техникаларды жаңырткандан туман түшпөй калабы?


- Аэропорт акыры көчүшү керек. Жаңы аэропорт жайгашчу жер абдан ыңгайлуу. Адистер барып изилдешкен. Жаңылбасам, 2022-жылы урматтуу президентибиз өзү да барып көрүп келген. 


- Демек, качан көчөрү инвесторго байланыштуу турбайбы?


- Албетте. Жаңы аэропорттун курулушу чоң каражатты талап кылат.


 Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн