Бүгүн кызматтан бошотулган Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов "Ынтымак" саясий партиясы менен парламенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу "Репортёр" өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалым болгондой, "Ынтымак" партиясынын катарында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов да бар экени айтылган.
Эскерте кетсек, Алмамбет Шыкмаматов бүгүн, 28-сентябрда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык кызматынан бошотулду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн