Бугу 19, 2024
Убакыт: 06:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алмазбек Бейшеналиев кызматтан кетери боюнча үн катты

01.02.2021 12:10
1375
Алмазбек Бейшеналиев кызматтан кетери боюнча үн катты


Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев өзүнүн кызматтан кетет деген билдирүү боюнча жооп берди. Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды.


"Кечээ социалдык тармактарда менин кызматтан алынарым тууралуу маалыматтар тарады. Азыр расмий тараптан колдоо бар. Жаңы шайланган Президент мага ишеним көрсөтүп, аткарган иштерим боюнча ыраазы экенин айтты. 

Коомчулуктун мага болгон колдоосу менин мындан аркы иштериме дем-күч берип, ошол эле учурда эл алдындагы жоопкерчилигимди күчөттү. 

Ар бириңиздердин колдооңуздарга ыраазычылык билдирем. Жакынкы аралыкта министрликтин реформалык кадамдары тууралуу иш-мерчемдерибизди жарыялап, коомчулуктун жана Президенттин, Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн колдоосу менен ишке ашырууну баштайбыз!" ,- деп билдирүү калтырган  Бейшеналиев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Джунушалиева
АЛМАЗ БЕЙШЕНАЛИЕВ СОНУН ЭЛЕ ИШТЕРДИ ЖАСААРЫНА ТОЛУК ИШЕНЕМ ЖАНА КОЛДОЙМ!