Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Алтынбек Сулайманов Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолугушту

14.03.2022 18:04
675
Алтынбек Сулайманов Жети-Өгүз районунун тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 14-мартта президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов Жети-Өгүз районунун тургундарын кабыл алды.


Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда жергиликтүү тургундар жана “Дестинация Көк-Жайык” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү Көк-Жайык жайлоосуна бара жаткан капчыгайда 5 көпүрө жараксыз экенин билдирип, көпүрө куруп берүүнү суранышты.


Белгиленгендей, туристтер да дал ушул көпүрөлөр аркылуу жайлоого чыгышат. Андан сырткары, Жети-Өгүз, Оргочор, Липенка, Тилекмат, Ак-Дөбө айыл өкмөттөрүнүн малчылары малын жайлоого айдап өтүшөт.


Бул көйгөйдү чечүү үчүн экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, ишти алып баруу тиешелүү бөлүмдөргө тапшырылды.


  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн