Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:48
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Амангелдиев БУУнун штаб-квартирасында деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн жыйынына катышты

22.09.2023 13:19
262
Амангелдиев БУУнун штаб-квартирасында деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн жыйынына катышты


Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев БУУнун штаб-квартирасында деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөрдүн министрлеринин жолугушуусуна катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, Амангелдиев өз сөзүндө 2014-2024-жылдарга деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн аракеттин Вена программасын ишке ашыруу, атап айтканда, COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерин жоюу, транзиттик жүк ташууну калыбына келтирүү жана инфраструктураны андан ары өнүктүрүү боюнча прогрессти белгиледи.

Ошондой эле ал бул өлкөлөрдүн Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү мүмкүнчүлүгүн чектеген экономикалык жана экологиялык мүнөздөгү жаңы милдеттерди айтып өттү. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн ал деңизге чыга албаган өлкөлөрдүн өкүлдөрүн жана БУУнун институттарын автомобиль жана темир жол байланыштарынын транзиттик системасын өнүктүрүүнү улантууга, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн кызматташууну өнүктүрүүгө чакырды.

Өзгөчө басым транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү жагынан эң чоң чыгымдарды башынан өткөргөн деңизге чыга албаган тоолуу өлкөлөрдүн өзгөчө абалына бурулду. Буга байланыштуу ал БУУнун "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясын ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын демилгеси менен иштелип чыккан "Глобалдык аракеттер планы" сыяктуу эл аралык демилгелердин алгылыктуу салымын белгиледи. "Бул демилгелер деңизге чыга албаган тоолуу өлкөлөрдүн дүйнөлүк соодага интеграцияланышына өбөлгө түзөт жана туруктуу электр энергиясына, алдыңкы технологияларга жана инновацияларга жол ачат", - деп белгиледи.

Жыйынтыгында Амангелдиев 2024-жылдан кийин деңизге чыга албаган өлкөлөр үчүн келечектеги иш-аракеттер планын даярдоодо жашыл технологияларды киргизүү, креативдүү индустрияны өнүктүрүү, заманбап соода-логистикалык инфраструктураны түзүү жана санариптештирүү аркылуу экономикалык трансформацияга артыкчылык берүү керектигин баса белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн