Бугу 02, 2024
Убакыт: 06:22
USD
88.80
89.70
EUR
94.50
95.50
RUB
0.940
0.965

Англисче үйрөнгөн 76 жаштагы бишкектик карыя

01.10.2021 13:40
601
Англисче үйрөнгөн 76 жаштагы бишкектик карыя


Осмонбек Насыранбеков 76 жашта. Медицина илимдеринин кандидаты, доцент. Стилдүү, абдан жарашыктуу кийинип алып, англис тилин үйрөнүүгө тил курстарынын бирине каттайт экен.

Би-Би-Си: Осмонбек ата, биринчиден убакыт бөлүп, улуу башынызды кичүү кылып келгениңизге ыракмат!

Осмонбек Насыранбеков: Чакырсаңар баары эле келгени турат, силер болсо тандап туруп мени чакырганыңарга сүйүнүп жатам. Үйдө жаткан абышканын баары эле бирдеме десең баягы эскисин айтып жатып калат. Аны ушунчалык көп кайталагандыктан элдин баары тажайт. Ошондуктан мен илгеркини айта бергенден уялам.

Би-Би-Си: Ден соолугуңуз жакшыбы, күүлү-күчтүү жүрөсүзбү?

Осмонбек Насыранбеков: Ден-соолук абдан эле жакшы. Жакшы дегеним күнүгө 2-3 саат физикалык көнүгүү кылам. Турникке тартылып, керилип чоюлам. Эмне керек болсо баарын коюп алгам. Сабак окуйм, жарым саат, бир саат китеп окусам уйкуга тартат. Кайра турникке барсам уйкум качып кетет.

Би-Би-Си: Кыргызча айтканда канчанын тамагын жеп жатасыз?

Осмонбек Насыранбеков: Азыр жетимиш алтынын тамагын жеп жатам.

Би-Би-Си: 70 жашыңызда эмне болуп англис тилин үйрөнүүгө кириштиңиз эле?

Осмонбек Насыранбеков: Мен Медициналык академияда сабак берчү элем. Анан жаш өйдөлөгөндө, “ордунузду бошотсоңуз, жаштар иштесин”, - деп калышты. Анан Эл аралык университетке барып калдым. Жетекчилиги менен мамиле бар эле. Биз институтта окуганда эле латын тилин кошо окуганбыз да. Оору, сыркоо, органдын баары латынча. Ошондон улам алар: “Сиз латын тилин окугансыз, сизге оңой эле, аракет кылып көрүңүз. Комиссиядан өтсөңүз иштейсиз", - деп калышты.

3-4 ай күнүнө 4-5 сааттан англисче окуп, өтүп кеттим. Анан иштеп баштадым. Чет өлкөлүк студенттер. Башында бул ашказан, бул мындай оору деп эле англисче айтып, көрсөтүп токтоп калчумун. Ашыкча сүйлөйүн деп студенттерден коркчумун. Анан көп өтпөй жакшылап үйрөнүп алып, аларды урушканга өттүм: "Эй, шүмшүктөр, окубайсыңарбы? Силерди акчасын коротуп ошончо жерден ата-энеңер жиберди. Индиядан келдиңер. Силерге деп акча салып жатса жакшылап окубайсыңарбы, салпылдап көчөдө жүргөн болбойт", - деп калчу болдум. Жашың өтүп кеткен соң, сыртта англисче сүйлөшөр киши жок. Ошондуктан жайкы үч айлык тыныгууда мен унутуп калбайын деп англисче окуйм. Күнүмдүк адатка айлантуу керек.

Би-Би-Си: Англисче окуп, англисче сүйлөп жатканыңызга сиз курактуулар эмне дешет?   

Осмонбек Насыранбеков: Башында “өлө турган болуп калдың, эмнесин окуп жатасың” дешчү. Андан кутулуш керек да, анан мен аларды тамашалайм: "Ай, тиги дүйнөгө барганда нөмөтчүлөр болот экен. Так ошол күнү кудайдын нөмөтчүсү англисче сүйлөп калса, сен кайда барасың десе, англисче билбесем, анан бөөдө жерден тозокко кетип калбайын деп үйрөнүп жатам", - деп тамашалайм.

Башында окуганыма көп ишенишчү эмес, азыр кантип окуйсуң деп таң калышат. Көп деле акылдын кереги жок экен, көчүктү бекем баса олтуруп, аракет кылыш керек. Күнүнө жанталашып 3-4 саат окуп кой деп жооп берем.

Би-Би-Си: Тил үйрөнүп жатканынызды көрүп, сизден кыйла жаштар, сизге шыктанып окугандары болдубу?  

Осмонбек Насыранбеков: Болбой анан...

Би-Би-Си: Бала-бакыра, жаштар менен тамашага салып англисче сүйлөшүп каласызбы?  

Осмонбек Насыранбеков: Жок, сүйлөшпөйм. Кичине англисче билип алып, аларга англисче сүйлөсөм “байкуш абышка көөп жаткан экен дебейби...

Би-Би-Си: Байбичеңизге да үйрөттүңүзбү?  

Осмонбек Насыранбеков: Келиним, кызым, күйөө балам болуп англисче сүйлөшүп калабыз. Анан эле байбичем түшүнбөй калып, “эй эмне мени өлтүрөлү деп жатасыңарбы? Кыргызча сүйлөгүлө”, - деп кирет. Ушундай тамаша. Ал да мугалим болуп иштеген. Мен ага такай Токтокан Садыбакасовна деп кайрылам.

Би-Би-Си: Башында англис тили абдан татаал деп ойлодуңуз беле?  

Осмонбек Насыранбеков: Ооба да, деле мээме кирчү эмес. Айылдан келип орусчанын азабын тартып үйрөнгөнбүз да. Ошондон кийин тил үйрөнбөйм дечүмүн. Тилиң окшошпой кыйналасың. Азыр ойлосом англис тили орус тилинен он эсе оңой экен.

Би-Би-Си: 30-40ка чыгып кеттим. Англис тилин эми кайдан үйрөнмөк элем, кеч болуп калды дегендерге кандай кеңеш берет элеңиз?

Осмонбек Насыранбеков: Бир жолу чет өлкөлүк студенттерибизге сабак берип коюңузчу, англисче билет деп сизди сунуш кылышты деп бир аял телефон чалды. Жок десем да болбойт. Акчасын төлөп беребиз дейт. Мага көп акчанын кереги жок дедим. Сөздөн сөз чыгып олтуруп, - канчадасыз дейт, - 76да дедим. Качан окуп баштадыңыз эле дейт. 70 жашымда десем, таң калып, иий мен 50 жаштамын, эми болбойт деп жатпаймынбы дейт. Ай, сен кыз эле бойдон турбайсынбы, окуп башта азыр эле дедим. Жапжаш туруп окугандан коркосуң, коркпо дедим. Пенсияга чыккан соң, англис эле эмес, кайсы тил болбосун окуп баштаса, эң жакшысы - алаксыйт, укмуш көп маалымат алат. Андан дагы эс тутуму аябай жакшырат. Антпесе азыр айтканын азыр унута баштайт да. Мен өз тажрыйбаман билем. Мурун унутчумун, азыр унутпайм. Англис тили менин күүлү-күчтүү жүрушүмө аябай жардам берди.   


Би-Би-Си: Башынан эле ушундай стилдүү кийинчү белеңиз же англисче окуп баштаганда шляпага өттүңүзбү?  

Осмонбек Насыранбеков: Кээ бир досторум менен байбичем да: “Ай, туалетке баратып дагы галстук тагынып аласыңбы», - деп тамашалап калышат. Айылда онунчуну окуп жүргөнүбүздө 10-15 жаш мугалим келди. Келинчектери менен. Айылдабыз да. 1963-жыл, эч нерсе жок. Алар алтынчы күн сайын кече уюштурушат. Бизди да галстук тагынып келгиле дейт. Өмүрү андайды көрбөсөк бизде кайдагы галстук? Анан бул карыган немелер эмне эле минтет деп ойлочубуз. Көрсө, алар ошол кезде болгону 20-25 жаштагылар экен да... Анан галстукту, галстук байлаганды, вальс бийлегенди үйрөтүшөт, өздөрү да бийлейт. Вальсты укмуш үйрөнүп чыктык. Кийин мединститутка келгенде жаңы жылдык кечээ болуп калды. Бутта туфли деген жок. Өтүктү кычырата майлап алгам. Анан эле вальска чыгып бийлесем, сен бийди кайдан билесиң деп баары таң калды. Бизде айылда ушундай, Нарында цивилизация деген ушундай өскөн деп койдум...

Булак: Би-Би-Си

Даярдаган: Абдыбек Казиев, Мээрим Догдурбекова

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн