Аяк оона 28, 2024
Убакыт: 11:37
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Ар бир шайлоо участогунда санитардык талаптар аткарылды, - Мадумаров

05.10.2020 16:02
830
Ар бир шайлоо участогунда санитардык талаптар аткарылды, - Мадумаров

4-октябрда өткөн шайлоо күнүндө ар бир шайлоо участогунда санитардык талаптар аткарылды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Акрам Мадумаров 5-октябрдагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, пандемия учурунда өлкөдө коронавирус илдетине каршы бир топ иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. 


"Анын алкагында шайлоо учурунда биздин жарандарыбыздын ден соолугунун коопсуздугун сактоо максатында шайлоону биз тиешелүү коопсуздук эрежелерди сактоо менен өткөрдүк", - деди А.Мадумаров.


Анын айтымында, ар бир шайлоо участогуна жеке коргонуу каражаттары толук камсыздалып берилип, шайлоо өнөктүгү өткөн мезгилде жана ага чейинки үгүт иштери учурунда бардык мамлекеттик органдар, өзгөчө саламаттык сактоо органдары тарабынан болгон күч-аракеттер ушул багытта жүргүзүлдү.  



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн