Аламүдүн районунун Арашан капчыгайында Россиянын жараны параплан менен учуп баратып кулап түштү. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 20-августта, түнкү саат 23:55те К.П. аттуу 48 жаштагы киши кырсыкка кабылганы тууралуу ӨКМдин 112 кызматына билдирүү түшкөн.
Издеп-куткаруу иштерине төрт куткаруучу тартылып, алар бүгүн эртең менен жабыркаган жаранды тоодон алып түшүп Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн