Бугу 16, 2024
Убакыт: 18:11
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Арасында улгайган адам болгон. Ак-Сайда дайынсыз болуп жаткан 4 жаран табылды

19.09.2022 11:23
498
Арасында улгайган адам болгон. Ак-Сайда дайынсыз болуп жаткан 4 жаран табылды

Баткен районунун Ак-Сай айылында дайынсыз болуп жаткан 4 жаран табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылыштан улам төрт адамдын дайыны чыкпай жаткан. Изделип жаткан адамдар кечээ, 18-сентябрда табылды.


Чек арада жайгашкан айылдардын бири – Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары куралдуу кагылышуу учурунда Мойнок тоосу тарапты көздөй качып, арасында бекинип жатышкан. 


Табылган 4 ак-сайлыктардын арасында кары адам болгондуктан да жарандарды тик учак менен Баткенге алып келишкен. 



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн