Ош облусунун Араван районунда 12 жаштагы бала өлтүрүлдү. Бул тууралуу 24.кг агенттиги жергиликтүү милицияга таянып кабарлады.
Маалыматка караганда, окуя бүгүн орун алган.
Милицияга аймактык ооруканадан 12 жаштагы бала жансыз абалда ооруканага түшкөнү тууралуу маалымат берилген. Баланын асынып турган денесин тууганы көрүп калып, ооруканага жеткизген.
Экспертизанын жыйынтыгы боюнча бала өлтүрүлгөн.
Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары уланууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн