Араванда сууга чөккөн адамды издөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, кечээ, 8-августта саат 18:45де Ош облусунун Араван районундагы Ленин айылында жайгашкан Фергана каналына 1991-жылы туулган жаран чөгүп кеткен.
Жерине ӨКМден 14 куткаруучу, Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 5 куткаруучу тартылып издөө ишин жүргүзүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн