Бугу 18, 2024
Убакыт: 17:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Араванда айыл чарба жерлерин курулушка берип жиберген айыл өкмөт башчысы кармалды

23.05.2023 16:03
242
Араванда айыл чарба жерлерин курулушка берип жиберген айыл өкмөт башчысы кармалды

Ош облусуна караштуу Араван районунун айыл өкмөт башчысы кармалды, деп билдирет КР УКМКнын басма сөз кызматы.


Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Араван районунун мамлекеттик мекемелериндеги жооптуу жана жогорку кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысынын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө 2022-жылдын 14-февралында Тепе-Коргон айылынын башчысы М.М.А. башка кызмат адамдары менен жең учунан сүйлөшүп алып, жер участогун "Сугат айдоо жерлери" категориясынан "Жеке турак жай куруу" категориясына которуу жөнүндө токтом чыгаргандыгы аныкталган, ал үчүн өз кезегинде "Кадастр" мамлекеттик мекемеси тарабынан жеке менчик укугуна мамлекеттик актылар берилген.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында, жеке менчикке алынган жер тилкелеринин баасы 7,7 млн. сомду түзгөндүгү аныкталган.

2023-жылдын 17-майында аталган кылмыш иштин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 41-337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү делип Араван районунун Тепе-Коргон айылынын башчысы М.М.А. кармалган жана Кара-Суу РИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн