Араван районунда бир жашар бала каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Араван районунун Кесек айылында 2021-жылы туулган З. уулу Б. аттуу кичине бала каналга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, бирок куткаруучулар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар тарабынан кичине баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн