Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:49
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Араванда таза суу жок эл көлчүктөн суу ичүүдө

02.05.2020 13:12
1065
Араванда таза суу жок эл көлчүктөн суу ичүүдө


Араван районун Төө-Моюн айыл аймагынын Эсенбай айылына сугат жана таза суу барган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 2-майда болгон брифингде Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаевге эскертилди.


Өкмөттүн өкүлү бул маселе боюнча кабары бар экенин, алдынкы күндөрү тийиштүү органдар менен жерине барарын билдирди.


“Төө-Моюнга баруучу каналды тазалоо маселеси деле жок. Исфайрам дарыясы Баткен облусунун Кадамжай районунан түшөт, ал жерде айыл тургундары акыркы учурларда адырларды өздөштүрүп, дыйканчылык менен көбүүрөк алектене баштады. Айрыкча көп жылдык бактарды отургузуп суу тартыштыгы жаралды. Жакында эле Өзбекстан менен сүйлөшүүлөр жүрдү, алар сууну өткөрүүгө макул. Учурда Кадамжай Өзбекстанга үч куп суу берүүдө, бирок алар 4-5 куп сурап жатат. Бул маселе биздин көзөмөлдө, жакынкы 1-2 күндө жерине барып көрүп келебиз”, - деди Жылкыбаев.


Анын айтымында ичүүчү суу боюнча маселе өкмөттүк деңгээлде каралып жатат. Айылдагы жер алдындагы суулар шор болуп, аны бууландырып кайра иштеп чыгуучу аппарат кымбатка түшүп каларын, мындан улам алыстан тартып келүү каралганын айтты.

 

“80ге жакын булактар бар, аларды эгиндерди суугарууга колдонсо болот. Соңку учурда бактар көп отургузганына байланыштуу суу тартыштыгы дагы жаралат, мындан улам тамчылатып суугарууну сунуштайт элек”, - деди Жылкыбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн