Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 07:07
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Араванда Өзбекстан менен чектешкен тактала элек 305 га жер бар

13.05.2020 15:46
944
Араванда Өзбекстан менен чектешкен тактала элек 305 га жер бар


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары Араван районунда Өзбекстан менен чектешкен аймактагы 305 гектар жер боюнча маселе чечилбей жатканын айтышты.


Эл өкүлдөрүнүн айтымында, Өзбекстан тарап чек араны деморкациялоого өздөрүнүн жаңы территориясын белгилеп коюшкан. Ал жерде Кыргызстан тараптан тиешелүү эксперттер жерди өткөрүп алуу маселесин аткарбай жатышат.


Бул суроого вице-премьер-министр Акрам Мадумаров жооп берип, бул маселе боюнча процедуралар аткарылып жатканын, апрель айында Өзбекстан тарап менен жолугушуу пландалганын, бирок абалга байланыштуу сүйлөшүүлөр токтоп калганын билдирди.


Бир эле Араван районунда эмес, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда да сүйлөшүп чечүүчү маселелер бар, абал тынчыса аягына чыгарабыз деген ойдо турабыз. Буюрса тез арада чечип беребиз”, - деп айтты вице-премьер.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн