Теке 27, 2024
Убакыт: 10:19
USD
EUR
RUB

Арча-Бешик конушунда 464 орундуу балдар бакчасы ачылды

02.04.2024 16:40
184
Арча-Бешик конушунда 464 орундуу балдар бакчасы ачылды


Бишкек шаарынынын Арча-Бешик конушунда №19 бала бакчанын ачылышы болду, деп билдирет муниципалитеттин басма сөз кызматы. 

Ачылыш аземи Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, мэрдин орун басары Виктория Мозгачева, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев, Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева, Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Болот Апилов, ошондой эле конуштун тургундарынын катышуусунда өттү.

Министрлер кабинетинин мектепке чейинки билим берүү мекемени натыйжалуу пайдалануу жана балдарды көбүрөөк камтуу боюнча буйругунун алкагында бала бакчага жылма керебеттер орнотулуп, кошумча бош орун түзүлдү.

Мекеменин долбоордук кубаттуулугу 284 орунга көбөйтүлүп, 180 баланын ордуна 464 бала кабыл алынат.

Имарат эки кабаттуу, бардык көмөкчү жайлары бар: уктоочу, оюн, кампалар, ашкана, жуунучу бөлмөлөр, медициналык кабинет, персоналдар бөлмөсү, музыка, спорт жана техникалык бөлмөлөр.

Курулуш иштери "КББ"ЖЧКсы подряддык уюму тарабынан аткарылгандыгын белгилей кетүүгө болот.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн