Журналист Арзыгүл Галымбетованын өлүмүнө байланыштуу дагы бир журналист Роза Маманова суракка чакырылды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Галымбетованын өлүмү боюнча соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.
Роза Маманова Ош облустук милициясынын тергөө кызматына күбө катары суракка чакырылган.
Эске салсак, 26-мартта Баткенде жергиликтүү журналист Арзыгүл Галымбетова каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн