Азербайжан жана Армения ок атышууну токтотууну макулдашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 11:00дө эки тарап ок атууну токтотууну макулдашкан.
Армения премьер-министри Никол Пашинян жакынкы аралыкта парламентке чек арадагы окуя боюнча маалымат берет.
Эске салсак, 13-сентябрга караган түнү эки өлкөнүн чек арасындагы абал кескин курчуп кеткен. Ок атышуунун натыйжасында эки тараптан тең каза болгон аскерлер бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн