Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:57
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Арменияда экс-вице-спикери кармалды

12.11.2020 13:17
450
Арменияда экс-вице-спикери кармалды


Армениянын күч кызматкерлери өлкө парламентинин экс-вице-спикери, “Республика” партиясынын лидерлеринин бири Эдуард Шармазановду кармады. Бул тууралуу анын адвокаты Тигран Атанесян билдиргенин “РИА новости” агенттиги маалымдады.


Эдуард Шармазанов шаршемби күнү болгон массалык башаламандыкты уюштурган деген шек менен кылтакка илинген. Ал өлкөдөгү аскердик абалдын нормаларын бузууга чакырык таштаган деп айыпталууда.


Эскерте кестек, 9-ноябрда Азербайжандын, Армениянын жана Россиянын президенттери тынчтык келишимине кол койгон. Анын натыйжасында Тоолуу Карабактын бир бөлүгү Азербайжанга өтүп, аймакка Россиянын тынчтык күчтөрү кирген. Буга нааразы болгон армияндар митингге чыгып, парламенттин имаратын жана премьр-министрдин резиденциясын талкалаган.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн