Бугу 17, 2024
Убакыт: 20:58
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Артур Цветков кыргызстандык мигрант менен болгон жаңжалдан кийин кечирим сурады (видео)

13.08.2020 16:37
1325
Артур Цветков кыргызстандык мигрант менен болгон жаңжалдан кийин кечирим сурады (видео)


Москва шаарындагы кафеде иштеген кыргызстандык мигрант менен болгон жаңжалдан кийин россиялык теле алып баруучу Артур Цветков алардан кечирим сурады. Бул тууралуу Москвадагы кыргызстандык журналист Мирбек Молдакунов билдирди. 


Анын айтымында, бул жаңжалдан кийин эки тарап элдешти. 


"Эки тарап элдешти. Артур биринчи болуп Манаптан кечирим сурады. Алып баруучу жазган арызын алып кетүүгө сөз берди", - деп жазган журналист өзүнүн баракчасына. 


Буга чейин Москва шаарындагы ресторанда жайгашкан тез тамактануучу жайда иштеген кыргызстандык жаран менен MTV жана МузТВ каналдарынын алып баруучусу Артур Цветковдун (Vj Archiе) ортосунда жаңжал чыккан. Кыргызстандык жумушчунун айтымында, окуя 11-августта болгон.


«Ал бет кап тагынуу керектигин айткан кызматкерлерге орой мамиле жасап, алардын кадыр-баркына шек келтирди», - деди ал.


Артур Цветков полиция кызматкерлерин чакырып, арыз жазган.  





Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Аза
Болгон алын ушу 2