Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:24
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Асанбай кичи районунда курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Асанбай кичи районунда курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты

Асанбай кичи районунда курулушу жүрүп жаткан көп кабаттуу үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматы билдирди.


Бишкек шаарынын Асанбай кичи районунда жаңы курулуп жаткан көп кабаттуу курулуш имаратында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. 


Кырсык катталган аймакта өрттү өчүрүү үчүн эки өрт өчүрүүчү бөлүм, автошаты жана ыкчам топ тартылды.


Саат 21:53тө өрт чектөөгө алынып, учурда өрттү өчүрүү үчүн толук аракеттер жүргүзүлүүдө. 


Алдын ала маалыматтар боюнча өрт каптаган аймакта кооптуу жагдай жок. Курулуп жаткан имараттын 6- кабатындагы бетон куюу үчүн дайындалган жыгач калыптар күйүп жатат.

Кошумча маалымат берилет.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн