Аскар Акаев: «Кыргызстандын Дүйнөлүк соода уюмуна СССРден бөлүнгөн республикалардан биринчи болуп киришине Бермет кызымдын салымы чоң»
Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти Аскар Акаев «Автор тв» каналына курган маегинде, өзүнүн үй-бүлөсү, уул-кыздары, бир туугандары эч кандай мамлекеттик бийликке кийлигишпегенин айтып, тескерисинче алардын эгемендүү мамлекетти курууда колдорунан келген жардамдарын бергенин билдирди. Мисалы, ал улуу кызы Берметтин көрсөткөн жардамдарына өзгөчө токтолгон.
«Айта кетейин, Бермет Кызым БУУнун Европа бөлүмүндө, анан мен демократ президент катары жыл сайын Швейцарияда январь-февраль айларында өтүүчү Давостогу экономикалык форумга чакырат, ал жерде бүт эл аралык финансы уюмдарынын жетекчилери, бир топ президент, премьер-министрлер келет. Ошол жерде бир жуманын ичинде 15-20 адам менен жолугуп, бир топ маселелерди чечип алуу мүмкүнчүлүгү бар эле. Анан ошол жерге мен барганда Бермет кызым жумушунан суранып алып, толук эртеден кечке мага жардам берчү. Себеби, француздар менен французча которуп берет, англистер менен англисче, италияндар менен италияча которуп берет, ошентип бардык Европанын негизги тилдеринде сүйлөгөндүктөн мага жардам берип жүрдү. Дагы бир нерсени айткым келет, СССРден бөлүнүп чыккандан кийин, андагы республикалардын ичинен 1998-жылы биринчи болуп Дүйнөлүк соода уюмуна өттүк. Мында Бермет кызымдын эмгеги чоң. Чечкиндүү салым кошту десем жаңылбаймын. Себеби, биз биринчи жолу 1994-жылы ошол Дүйнөлүк соода уюмунун жетекчилери менен жолугуп сүйлөшкөнбүз, штаб-квартирасы дагы ошол Швейцарияда. Андан кийин беш жылдын ичинде ошол жерде беш жолу, өзүбүздүн республикада эки жолу, жалпысынан 7 жолу жолугушуп сүйлөштүк. Ошонун баарында Бермет кызым катышып, координациялап, Дүйнөлүк соода уюмуна өтүш үчүн жумушчу топтун ишин координациялап, 1998-жылы өттүк. Бул уюмга Россиядан 15 жыл мурун өтүшүбүзгө Бермет кызым чоң үлүш киргизди», - дейт ал.
Сагынбек Сатыкеев
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн