Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:54
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Аскар Салымбеков: Мурдагы президенттердин бир столго отурушун чоң кубаныч менен кабыл алдым

20.02.2023 09:04
7907
Аскар Салымбеков: Мурдагы президенттердин бир столго отурушун чоң кубаныч менен кабыл алдым

Өлкө башчыбыздын экс-президенттерди чогултуу демилгеси боюнча менин пикирим.

Бизнес коомчулугунун өкүлү жана Кыргызстандын жараны катары бардык интервьюларымда, сүйлөгөн сөздөрүмдө биримдик, ынтымак – берекенин ачкычы экенин кайра-кайра айтып келгем. Бул сөздөр үй-бүлөлүк жашоого, жумушка жана бизнеске гана эмес, мамлекеттин жана бүткүл элдин тагдыры көз каранды болгон саясатка да тиешелүү.

Биз башаламандыкка жана хауска алып келген окуяларга бир нече жолу күбө болдук. Буга чейин далай сыноолорду баштан кечирдик, бирок сынып калган жокпуз, ар дайым мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо ниетинен кайтпай, алдыга карай кадам таштап келдик. Бирок белгилей кетчү нерсе – мындай бурулуштарда пикир келишпестик, талаш-тартыш өңдүү көрүнүштөр биздин андан ары өнүгүүбүзгө тоскоол жаратып келди. Эң өкүнүчтүүсү курмандыктар да болбой койгон жок, ал азаматтарыбыздын жаткан жерлери жайлуу болсун, бирок бул көрүнүш болсо мамлекетти чыңдоонун жеңил эместигин айкындап турат. 

Кечээ күнү мамлекет башчысы Садыр Нургожоевич Жапаров өлкөбүздө тынчтыкты, ынтымакты орнотуу үчүн бардык экс-президенттерди бир дасторконго чогултканы тууралуу кабарды чоң кубаныч менен кабыл алдым. Мен бул демилгени толугу менен колдойм жана бул аракет Кыргызстандын мурдагы жетекчилерине гана эмес, келечектеги лидерлерине да үлгү болот деп эсептейм. Жеке таарынычтарды четке кагып, мурунку мамлекеттик башчылар менен арай көз чарай отуруп, пикир алышып, сергек жана кылдаттык менен жасаган кадамы - ажообуздун өлкөнүн жаркын келечеги, өсүп-өнүгүүсү үчүн кадам таштап жаткандыгын айкындайт. 


Аскар Салымбеков, жеке ишкер 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн