Аяк оона 17, 2024
Убакыт: 01:47
USD
84.40
84.90
EUR
93.20
94.20
RUB
0.915
0.960

Аскат Алагөзов Лаззат Нуркожоеванын жигитинин кармалышы боюнча комментарий берди

10.07.2024 11:52
128
Аскат Алагөзов Лаззат Нуркожоеванын жигитинин кармалышы боюнча комментарий берди


Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов Лаззат Нуркожоеванын жигитинин кармалышы боюнча комментарий берди.

"Президент Садыр Жапаровдун инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктайбыз.

Эске сала кетсек, Лаззат Нуркожоеванын жигити тууралуу маалымат учак менен "кыздын колун суроо" иш-чарасынан кийин белгилүү болгон.

Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп божомолдоого толук негиз бар.

Баса белгилей кетсем, президент Садыр Жапаров ким болбосун мыйзамсыз иш аракеттерди жаап-жашырып, калкалоого албайт.

Эми мурдагы жигиттин жана анын шериктеринин мыйзамсыз иш аракеттеринин чоо-жайы тергөө амалдарынын жүрүшүндө аныкталат", - деп жазды ал.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн