Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:18
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Asman Airlines`тын учагы Бишкек – Талас багытында биринчи техникалык каттамды аткарды

25.09.2024 10:32
245
Asman Airlines`тын учагы Бишкек – Талас багытында биринчи техникалык каттамды аткарды


Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек – Талас багытында биринчи техникалык каттамды ийгиликтүү аткарды.

“Манас” эл аралык аэропортунан билдиришкендей, каттам жүргүнчүлөр үчүн даярдоо программасынын алкагында уюштурулду. Учактын техникалык персоналы жана экипажы учуудан баштап конууга чейинки каттамдардын бардык тепкичтерин кылдаттык менен иштеп чыгышып, коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана коммерциялык эксплуатацияга даярдыгын ырасташты.

Атамекендик авиакомпаниянын түптөлүшү Кыргызстандын авиация тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагындагы маанилүү демилге экени белгиленип келет. Өлкөнүн шаарларынын ортосунда жаңы каттамдардын ачылышы аймактардын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга гана жардам бербестен, ички туризмди жана экономиканы чыңдоого өбөлгө түзөт.

Белгиленгендей, жакынкы арада Asman Airlines авиакомпаниясы ички каттамдарды гана аткарбастан, коңшу өлкөлөргө да үзгүлтүксүз каттамдарды ишке ашырууну максат кылууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн