Жетинин айы 06, 2025
Убакыт: 06:54
USD
87.30
87.80
EUR
100.10
101.10
RUB
1.075
1.105

Асман шаарынын курулушуна капсула салуу аземинде миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт

30.06.2023 11:17
525
Асман шаарынын курулушуна капсула салуу аземинде миңден ашуун милиция кызматкери коопсуздукту камсыздайт


Бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусунда Асман эко-шаарынын курулушуна капсула салуу аземинде милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыздоодо. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетовдун жетекчилиги астында иш-чарада коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыздоого жалпысынан миңден ашык милиция кызматкерлери тартылды.

Ошондой эле Бишкек шаарынан Ысык-Көлгө чейин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча 200 кызматкер тартылып, алар атайын посттордо иш алып барууда.

Асман эко-шаардын курулушунун максаты заманбап экологиялык таза шаар куруу, туризмди өнүктүрүү болуп саналат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн