Бугу 21, 2024
Убакыт: 08:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинде 16 документке кол коюлду

14.10.2022 16:29
478
Астана шаарында КМШ өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын кеңешинде 16 документке кол коюлду

Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин КМШ МБК жыйынында соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Алар:


2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө (Эскертүү — КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө);

Аткаруу комитетинин төрагасы — КМШ Аткаруу катчысы жөнүндө;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин өнүктүрүүдө КМШга мүчө-мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясынын ролу жөнүндө;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2024-жылды — Ыктыярчылар кыймылынын жылы, 2025-жылды — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы — Нацизмге каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жылды — Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо тууралуу;

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу жөнүндө.

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу тууралуу макулдашуу жөнүндө;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин 2023-2025-жылдарга карата терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы жөнүндө;

Эркин соода кызмат көрсөтүүлөрү, инвестиция түзүү, анын ишмердиги жана аны ишке ашыруу тууралуу макулдашуунун долбоорун даярдоо жөнүндө;

2024-жылы Санкт-Петербург шаарын (Россия Федерациясы) Шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна байкоочу макамын берүү жөнүндө;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө;

Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө;

КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын маданият чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу билдирүүсү жөнүндө;

КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекет башчыларынын климат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу билдирүүсү жөнүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн